Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШКЕ АРГАСЫЗ ЧЫКПАГАНДЫК – эмгек укугундагы мыйзамсыз бошотуу же башка ишке которуунун натыйжасында жетекчиликтин күнөөсү боюнча кызматкердин эмгек келишиминде шартталган кайсы бир убакыт аралыгында иш-милдетин аткара албай калган учур. И. а. ч-тын акысы жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо комиссиясынын же соттун, же жетекчилик органдарынын чечими боюнча төлөнөт.